Мазмунга өтүү

.art

Википедия долбоорунан
.art
Dot Art logo
Ишке кириши

2017-жылдын 10-майы

Тип

Жогорку деңгээлдеги жалпы домен

Макамы

колдонууда

Каттоочу уюм

UK Creative Ideas Limited

Максаты

Чыгармачылык менен байланышкан коомдор

Колдонулушу

Артистер, сүрөтчүлөр, искусствого байланыштуу мекемелер жана уюмдар

Түзүмү

Жогорку деңгээлдеги домендер жана үчүнчү деңгээлдеги субдомендер

Документтер

эрежелер жана шарттар

Талаш-тартыштарды чечүү

талаш-тартыштарды чечүү

DNSSEC

бар

Сайт

www.art.art

.art (англ. art - искусство) — чыгармачылыкка, маданиятка жана искусствого байланышы бар жеке жактар, мекемелер жана уюмдар үчүн жалпы жогорку деңгээлдеги домен.

Бул доменди, 2016-жылдын 24-мартында ICANN менен улуу британиянын Creative Ideas Limited ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке киргизүү чечими кабыл алынган[1].

2016-жылдын 10-майынан тартып толугу менен колдонууга берилген жана каттоо ачылган[2].

Лондондо жашаган, Creative Ideas Limited мүчөсү болгон инвестор бул доменди колдоо катарында 25 миллион АКШ долларын берген[3].

Бул жогорку деңгээлдеги доменди иштетүү үчүн тогуз атаандаштардан сунуш келген[3].

Бул домендик аймакта технологиялык компаниялар, люкс бренддери жана маданий уюмдар биринчилерден болуп катталышкан. Алгачкы катталгандардын арасында Apple, Instagram, Kickstarter жана Rolex компаниялары, ошондой эле Лувр, Тейт, Centre Pompidou, Гуггенхайм музейлери, Чикагонун искусство институту болушкан[3][4].

  1. .art Registry Agreement (англ.)
  2. How we got here – the history of .ART (англ.)
  3. 3.0 3.1 3.2 Can a New Domain Finally Bring the Art World Into the 21st Century? (англ.)
  4. New .ART Domain Launches With Dozens of Early Adopter Museums and Institutions On Board (англ.)

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]