@

Параметр text не задан |
Кадыры күчтүү @ белгиси таң калычтуу, бирок бул белги орто кылымдарда эле колдонула баштаган. Арробаны (көлөмдү жана массаны өлчөөчү бирдик) билдирчү. Кийинчерээк бухгалтериялык документтерде англисче «at» же французча «а» (орусча «по») байламтал��рын тез жазуу үчүн колдонушкан. 1985-жылы жазуу машиналарынын клавиатураларына, кийин компүтер клавиатураларына өткөн. Муну америкалык программист Рэй Томилсон алгачкы электрондук почтаны ачуу боюнча иштеп жатканда байкаган. Ал өз сөзүндө: «Эч бир ысымда кездешпеген жана эч кимди адаштырбаган, бөлүп туруучу белги издеп жаткам»,- дейт. Эң биринчи электрондук катты Рэй 1971-жылы жиберген.
Баса, орустар @ белгисин «ит» дешет. Африкаанс тилинде «маймылдын куйругу», италиялыктар «үлүл», кытайлар «чычкан», казактар «айдын кулагы», өзбектер «күчүкчө», венгриялыктар «сөөлжан» же «кене», ал эми финндер уктап жаткан мышыкка окшоштуруп «мяу-мяу» деп аташат. Кыргызда болсо маймылча.